Кыргызстандын президенти ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө жасаган кайрылуусунда 2017-жылды биримдик алкагында ишкерликти өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүүгө арноону сунуштады. Өзүнүн кайрылуусунда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев ЕАЭБ Кыргызстан үчүн тышкы саясаттагы маанилүү багыт экенин белгилеп, экономикалык интеграция биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өнүгүүсү үчүн жакшы өбөлгө экени айтып кеткен.
Президент Алмазбек Атамбаев биримдиктин иштерин алдыга жылдыруу үчүн ага мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары, экономикалык комиссия жана ишкерлик тыгыз кызматташтыкта болууга тийиш, ал эми ишкерлик демилге чечимдерди чыгарууда маанилүү маалымат катары кабыл алынуусу керектигин да белгилеп кеткен.
Ошондой эле кайрылууда ЕАЭБ алкагындагы жалпы энергетикалык базар тууралуу программаны ишке ашыруу үчүн каржылык жана инфраструктуралык ресурстарды бөлүүгө быйыл киришүү максаттуу деп айтылган. (ZKo)