Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

"Мегакомдун" интернети калыбына келди


"Мегаком" уюлдук операторунун интернет байланышы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу бүгүн түштөн кийин 3-4 саат токтоп калды. Компаниянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, түшкү саат бирлерде 4G байланышын жаңылоо иштери жүрүп жаткан кезде интернет күтүүсүздөн үзгүлтүккө учураган. Адистер мүчүлүштүктү оңдоп, үч жарым сааттай убакыттан соң байланышты калыбына келтиришти.

Ал тапта абоненттер интернет эскертүүсүз өчүрүлдү деген негизде "Мегакомду" сынга алышты. Ыңгайсыздык үчүн компания жарандардан кечирим сурады.(SE)

XS
SM
MD
LG