Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:24

19 жыл абакта отурган өзбекстандык банкир эркиндикке чыкты


Өзбекстандык ишкер Рустам Усмонов.
Өзбекстандык ишкер Рустам Усмонов.

Өзбекстандагы алгачкы жеке банктын мурдагы ээси, 69 жаштагы Рустам Усманов 19 жыл абакта отурган соң, жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу эркиндикке чыкты.

Бул маалыматты Усмановдун туугандары “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришти.

Аны укук коргоочулар саясий куугунтуктун туткуну деп атап келишкен.

Кыргызстандын Жалал-Абад шаарында туулган ишкер 1998-жылы экономикалык кылмыштар боюнча айыпталып, 14 жылга эркинен ажыратылган. 2012-жылы анын жаза мөөнөтү “түрмөдөгү терс жүрүм-турумуна байланыштуу” деп дагы беш жылга узартылган.

Усманов соңку жылдары жаза мөөнөтүн Каракалпакстан автоном облусундагы “Жаслик” түрмөсүндө өтөп жаткан. Анын туугандарынын айтымында, мурдагы ишкердин абалы өтө жакшы эмес.

Усманов 1992-жылы Өзбекстандагы алгачкы жеке банк - “Рустамбанкты” негиздеген.

XS
SM
MD
LG