Түркиядагы “Сейхан” юридикалык компаниясынын адвокаттары Бишкектин четиндеги Дача-СУ конушунда авиакырсыкта жабыркагандардын укугун коргоого жардам берет. Алар жапа чеккендерге юридикалык кызмат көрсөтүүнү кыргызстандык өнөктөштөрү менен бирге акысыз жүргүзүшөт. Баш кеңсеси Анкарада жайгашкан компания тараткан маалыматта айтылгандай, адвокаттар жабырлануучулар тарткан моралдык жана материалдык зыян үчүн кенемте алууга Түркиянын, Кыргызстандын мыйзамдарынын жана эл аралык нормалардын негизинде көмөктөшөт.
Компаниянын кеңсеси Анкарада жайгашкан. Байланыш үчүн Бишкектен юристтер Эркин Саданбеков жана Асел Рысбаевага кайрылуу керек. Телефондору: +996 773 96-96-41, +996 777 77-73-17.
16-январда Түркиянын АСТ Havayolları компаниясына таандык Боинг-747-400 жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Апаатта кыштактагы 35 тургун жана төрт учкуч набыт болгон. Ондогон үйлөр кыйраган. Аталган авиакомпания жабырлануучуларга кенемте төлөп берерин билдирген. (SE)