Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Дача СУ тургундарынын укугун түркиялык “Сейхан” фирмасы коргойт


Авиакырсыкта жакынын жоготкондор.
Авиакырсыкта жакынын жоготкондор.

Түркиядагы “Сейхан” юридикалык борборунун адвокаттары Бишкектин четиндеги Дача СУ конушунда авиакырсыкта жабыркагандардын укугун коргоого жардам берет. Алар жапа чеккендерге юридикалык кызмат көрсөтүүнү кыргызстандык өнөктөштөрү менен бирге акысыз жүргүзүшөт. Аталган компания тараткан маалыматта айтылгандай, адвокаттар жабырлануучулардын моралдык жана материалдык зыян үчүн кенемте алуусуна Түркиянын, Кыргызстандын мыйзамдарынын жана эл аралык нормалардын негизинде жардамдашат.

Компаниянын кеңсеси Анкарада жайгашкан. Байланыш үчүн Бишкектен юристтер Эркин Саданбеков жана Асел Рысбаевага кайрылуу керек. Телефондору: +996 773 96-96-41, +996 777 77-73-17.

16-январда Түркиянын АСТ Havayolları компаниясына таандык Боинг-747-400 жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулаган. Апаатта кыштактагы 35 тургун жана төрт учкуч набыт болгон. Ондогон үйлөр кыйраган. Аталган авиакомпания жабырлануучуларга кенемте төлөп берерин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG