Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

"Мураскерден" мурда корккон оппозиция


Оппозициянын жыйыны.
Оппозициянын жыйыны.

“ПолитКлиника”, “Азия ньюс”, “Ачык сөз” гезиттери жарык көрдү.

“ПолитКлиника” гезити Айгүл Бакеева даярдаган оппозициянын “Бурмалоосуз шайлоо” аттуу жыйынынан айрым саясатчылардын айткандарын жарыялады. Адахан Мадумаров: “Атамбаев бекеринен алыс кетпейм деп айткан жок” деп, Өмүрбек Текебаев: “Алты жыл иштеп президенттигин өткөрүп берсе Атамбаевдин миссиясы ошол болот” деп, Камчыбек Ташиев: “Эгер Атамбаев Текебаевди мураскер кылып алалы десечи?” деп, Каныбек Иманалиев: “Мураскер операциясы болбойт деген бул жомок”, деп айтты.

Кымбат Турдубекованын макаласы “Акылдуу” эсептегичтин акылсыз иштери” деп аталды. Журналист Аида Касымалиеванын “Кыргызстанда кийинки президент ким болорун эч ким билбейт” деген макаласы орус тилинен которулуп басылды. “Аз сүйлөп саз иштеген адам керек” деген теманын алдында президенттикке талапкер Темир Сариевди колдоого алган белгилүү адамдардын ойлоруна орун берилди. Саясатчы Эмилбек Каптагаевдин сандан санга “Демократия сабактары” жарык көрүүдө. Жанара Кайыпбекова “Кыргызстанда электр энергиясы менен иштеген автоунаа жасалды” деп жар салды.

Белгилүү публицист, акын жана тарыхчы Баяс Турал “Зулпукаар Сапановдун китеби жаңы көз карашты камтып турат” деген ат менен маек куруп, Сапановдун “Кыдыр санжырасында” мыкты идеялар көтөрүлгөндүгүн, ал эми ислам динин Кудайтаануу илими катары эмес, арабдаштыруу идеологиясы катары таратып жаткан айрым молдокелердин байыркы кыргыз дүйнө таанымын илимий мүнөздө сөз кылган адамдарды Кудайга каршы, исламды бурмалаган адамдар катары карап, кыргызды кыргызга каршы коюп жаткан мындай мандемдүү аракеттерин токтотуу керектигин белгилеп: “Биз илимди өнүктүрүүгө багыт алган өлкөбүзбү же же динди идеологияга айлантуу максатын көздөгөн мамлекетпизби? Бийлик органдары буга тыюу салышы керек” деп, күч органдарына жазган катында Дүйшөн ажы “менин кадыр-баркыма шек келди” деп жатканын, китепте анын ысмына байланышкан бир да сөз жоктугун, эгер ал андай дооматты Муса же Мухаммед пайгамбар үчүн коюп жатса, анда алардын атынан ушундай доомат коюуга анын эч кандай укугу жоктугун, а көрөкчө жаңы көз карашты айтып чыккандыгы үчүн китептин автору Зулпукаар Сапановго ыраазы болгондон башка сөз жок экендигин айтты.

“Азия ньюс” гезити Сурат Жылкычиев Темир Сариевдин ишмердигин колдоого алган макала жарыялады. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев “Маалыматтык коопсуздукту сактоо үчүн иш башталды” деп маек берди. Жылдыз Жолдошева маегин “Бийлик менен Атамекенчилердин ортосундагы күрөш бул бет тырмарлык” деп атап, кабарчынын “Текебаев мырза президентке импичмент жарыялоо маселесин көтөрдү эле?” дегенине Жылдыз айым, импичмент жасаганга Текебаев “досунун” духу жетпестигин, анткени президент аны “крючокко” илип койгонун, экинчиден, акыйкат үчүн айтканда, импичмент жарыялаганга эч кандай негиз жоктугун, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бирин бири чукушуп, өздөрүнүн ачуу чындыгын бүт дүйнөгө жар салып жатышканын, өткөн кандуу окуялардан кийин кантип байышканын, Бакиевдердин мүлктөрүн, акчаларын бөлүп алышканын, эбегейсиз кыймылсыз мүлктөргө ээ болушкандарын, өздөрү айткандай радикалдуу оппозиция болуп жүргөндө нанга зар болушуп, анан заматта бай болушкандарын ажобуз баш болуп, Текебаев төш болуп айтып чыгышкандарын кеп кылды.

“Ачык сөз” гезити жаңы санын “Мураскерден жүрөгү түшкөндөр” деген маалымат менен ачып, кокус президент тараптан сунуштала турган талапкер 24 жылдан бери президент болчумун деп элди тажатып келаткандардан таза болсо, эскилерден тажаган эл жаңыны колдоп кетеби деп жүрөктөрү түшүп жаткандыгын жазды. Журналист Жора Сулаймановдун макаласы “Саясаттын “бороонунан” аман калсак экен” деп аталды. Гезиттен “Азикең көп актанчу болду” деген, “Каралоонун түрү көп” деген, “Бороондон буйдалбаган Боронов” деген чакан кабарларды, коомдук ишмер Кайып Шердин “Жети жылдан берки оң өзгөрүүлөрдү көрмөксөнгө салсак туура болбой калат” деген маегин, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев менен маекти, журналист Төлөнбай Абдыразаковдун “Калк айтса калп айтпайт” деген эскерме баянын, окумуштуу Октябр Капалбаевдин “Көөкөр” аттуу эмгегин, белгилүү жазуучу Тойчубай Субанбековдун “Мамык кандын ажайып түшү же чөккөн көңүл чалкыганда” деген жаңы романынан үзүндүнү, илимдин доктору Сыртбай Мусаевдин таланттуу акын Сейит Жетимишев менен анын поэзиясы тууралуу кеп кылганын окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG