15-февралда Баткен, Ош жана Нарын облусунун айрым жерлеринде санариптик телеберүүлөр көрсөтпөй калды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Азаттыкка” билдиргендей, буга техникалык мүчүлүштүк себеп болгон. Адистер оңдоо иштерин жүргүзүп, бүгүн берүүлөрдүн баары калыбына келгени кабарланды.
Кыргызстанда аналог сигналдар быйыл 15-майда толугу менен токтотулуп, өлкө санарипке өтөт. Өкмөттүн быйыл январдагы маалыматы боюнча, республика аймагындагы 326 айылга азырынча санарип жете элек. (SE)