Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Башкы прокуратура кылмыш иштин себебин түшүндүрдү


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Башкы прокуратура Максим Бакиевдин Бишкектеги Скрябин көчөсүндөгү мүлкү боюнча козголгон кылмыш иш тууралуу билдирүү таратты. Прокуратуранын ырасташынча, аталган жер тилкесин камактан чыгарган Бишкектин райондор ортолук сотунун 2014-жылдын 25-июндагы чечимин Каттоо кызматы 2016-жылы 24-августта кабарлаган.

Соттук териштирүүгө прокуратура чакырылган эмес.

Бул маалыматтар белгилүү болгон соң Башкы прокуратура Максим Бакиевдин мүлкү боюнча кылмыш иш козгоону чечкен.

Буга чейин юрист Кайрат Осмоналиев Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, “эмне үчүн прокуратура Максим Бакиевдин бул мүлкү боюнча азыр гана кылмыш ишин козгоду”, деген суроо салган эле.

Башкы прокуратура 10-февралда Бишкектеги Максим Бакиевдин бир гектардан ашык жеринин сатылып кеткени боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага улай Башкы прокуратуранын сунушу менен Сарпашевди өкмөт башчысы убактылуу кызматтан четтеткен.

Сарпашев өзүнө каршы аракеттерди саясатка байланыштырып, иштен кетишине кызыкдар күчтөр бар экенин билдирген.

Мекемелер аралык комиссия жагдайды бир ай ичинде карап чыгат.(BkA)

XS
SM
MD
LG