Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:17

Жогорку Кеңештин имаратынын алдына "Ош" базарынын жанында соода кылган айрым жарандар нааразылык акциясына чыкты. Чогулган 100гө чукул адам алар соода кылган жерди “Арпа” пиво заводунун өтүшүнө нааразы экендиктерин билдиришти.

Алардын айтуусунда, пиво заводу жерди мыйзамсыз алган, өкмөт бул маселеге көңүл бурушу зарыл.

Аталган жердин айланасында чыр буга чейин да чыккан болчу. Анда пиво заводдун өкүлдөрү базарда соода кылгандар жерди мыйзамсыз колдонуп келгенин айтышкан.(BkA/NT)

XS
SM
MD
LG