Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолугушуусу боюнча айтылган маалыматтар эч кандай чындыккка коошпойт. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эч кандай негизи жок маалыматты бийлик партиясынын депутаттары өз ыңгайына колдонууга аракет кылууда.
“Түркиядагы жалган маалыматты парламентке чыгаруу менен Социал-демократчылар баканооздук менен алектенгенин көрсөтүштү”-деди Шыкмаматов.
Бүгүнкү парламент жыйынында Социал-демократтар фракциясыныны депутаттары Узарбек Жылкыбаев жана Ирина Карамушкина айрым түрк сайттары жазган Өмүрбек Текебаевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолугушуусу боюнча маалыматтарды текшерүү демилгесин көтөргөн. Бийликчил депутаттар эгер бул маалымат тастыкталса, Текебаевдин кадамын өлкөгө чыккынчылык катары саноого болорун айтышкан.
Өмүрбек Текебаев Кипрге сапар менен барып келгенин айтып, бул өлкөдө президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкү бардыгы тууралуу маалыматты иликтеп жатканын ырастаган. Мындан соң президент Башкы прокуратурага Текебаевдин маалыматын текшерүүнү тапшырган. (BkA)