Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Депутат Карамушкина Руслан Бекназаровду айыптады


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Ирина Карамушкина мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровду айыптады. Бул тууралуу депутат парламент жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, Бекназаров өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн бузууга жана бийликке баш ийбөөгө үндөп жатат.

- 7-апрелде каза болгондордун элесин мазактаган, Ош окуясынын учурунда кылмыштарга катышы болгон Руслан Бекназаров конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырып, депутаттык мандатымды ажыратууга кол топтоп жүрөт. Мен буга байланыштуу Бекназаровдун билдирүүлөрү жана радикалдык уюмдарга катышы боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кылам, - деди Карамушкина.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын кызматтан кетишин талап кылган активисттер интернетте кол чогултуп жатканы белгилүү болгон. Атайын үлгүдөгү баракчаны демилгечи Руслан Бекназаров социалдык тармактарга тараткан. Буга Карамушкинанын өткөн аптада жума намаз учурунда мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жумушту таштап, сыйынууга кетип калышын сынга алганы себеп болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG