Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчетун талап кылышты


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Мындай маселени “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев көтөрүп чыкты. Анын айтуусунда, аталган фракция Евразия экономикалык биримдиги кирүү жана экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча өкмөттү отставкага кетирүү чечимин кабыл алган.

Буга байланыштуу регламент негизинде тез арада өкмөттүн 2016-жылдагы отчет бериши керектигин Төрөбаев кошумчалады.

Буга байланыштуу “Өнүгүү-Прогресстин” лидери былтыр 3 млрд 800 млн сомго ички карыз көбөйгөнүн билдирип, бул каражаттын кайсы жакка жумшалганына кызыкты.

2-февралда өкмөт Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуусунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берген. “Ата Мекен”, “Республика - Ата Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын лидерлери өкмөттүн ишин сындап, ага ишенбөөчүлүк демилгесин көтөрүшкөн.

Азыркы өкмөт курамы 2016-жылы апрель айында түзүлгөн. Акыркы жети жылдагы сегизинчи өкмөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG