Йемендин баш калаасы Сана шаарынын жака белине урулган аба соккусунан тогуз киши, анын ичинде бир бала каза тапты. Аба чабуулу Архаб районундагы тажыя өтүп жаткан жерге жасалган.
Баш калааны өз карамагына алган хуси козголоңчулары ал үчүн Саудия башында турган перси булуңундагы мамлекеттердин коалициясын айыптады.
Коалиция бул боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек.
2015-жылдын март айында Сауд Арабия башында турган араб мамлекеттеринин коалициясы өлкөнүн ошол кездеги президенти Али Абдал Салехти колдоп, мусулманчылыктын шиит агымын тутунган хуси козголоңчуларына каршы аба соккуларын баштаган.
Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, 2015-жылдын мартынан бери өлкөдө 7400 адам, анын ичинде 1400 бала мерт болду.