Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Атамбаев Евробиримдиктин лидерлери менен жолугууда


Алмазбек Атамбаев жана Европарламенттин мурдагы төрагасы Мартин Шульц, Брюссел, 2015-жылдын март айы.
Алмазбек Атамбаев жана Европарламенттин мурдагы төрагасы Мартин Шульц, Брюссел, 2015-жылдын март айы.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Брюсселде Евробиримдиктин лидерлери менен жолугууда. Европа кеңешинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, учурда Атамбаев уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Андан соң Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер жолугат.

Кыргыз президентинин Бельгиядагы сапарында Евробиримдик менен кызматташуу боюнча жаңы келишимге, эки каржылык макулдашууга кол коюлат деп кабарланган. Мындан сырткары Алмазбек Атамбаев Германиянын Мүнхен шаарындагы коопсуздук конференциясына катышып, немис канцлери Ангела Меркел менен да жолугат.

Бул - президенттик мөөнөтү быйыл аяктай турган Алмазбек Атамбаевдин Европага жасаган үчүнчү иш сапары. (KKs)

XS
SM
MD
LG