Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Могерини Кыргызстандагы президенттик шайлоого көңүл бурду


Президент Алмазбек Атамбаев жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини, Брюссел, 16-февраль 2017-жыл.
Президент Алмазбек Атамбаев жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини, Брюссел, 16-февраль 2017-жыл.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Брюсселдеги жолугушуусунда Кыргызстанда быйылкы президенттик шайлоонун ачык, акыйкат жана эркин өтүшү маанилүү экенин айтты. Ал өлкөдөгү шайлоо реформасы жаатында жасалган жылыштарды белгилеп, таза шайлоо Кыргызстандагы демократия үчүн маанилүү деп билдирди

Уюмдун дипломатиялык кызматынын расмий маалыматына ылайык, бүгүнкү жолугушууда эки тараптуу “кызматташтыктын чордонунда турган Кыргызстандагы реформа аракеттери” жана адам укуктарынын абалы да талкууланды.

Атамбаев бул жолугушуудан кийин Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ошондой эле бүгүн Евробиримдик менен Кыргызстандын өкүлдөрү мыйзам үстөмдүгүн жана аймактардын өнүгүшүн колдоого багытталган эки каржылык келишимине кол коюшат. (KKs)

XS
SM
MD
LG