Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:54

Индия бир күндө 104 спутник учурду


Спутниктер өлкө чыгышындагы Шрихарикота аралындагы космос борборунан кое берилди.

Индия шаршембиде буга чейинки көрсөткүчтү жаңылап, бир убакытта 104 микро-спутникти учурду.

Спутниктер өлкө чыгышындагы Шрихарикота аралындагы космос борборунан кое берилди.

Спутниктердин үчөө Индияда, жүздөйү АКШда, ал эми калгандары Казакстанда, Араб эмирлигинде, Швейцарияда жасалган.

Буга чейин Орусия 2014 жылы бир эле маалда 37 апаратты чыгарган эле.

Индиянын космосту иликтөө боюнча улуттук агенттиктин президенти миссиянын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады, ал эми премьер-министр Нарендра Моди өз өлкөсүнүн жетишкендигин Твиттердеги баракчасында белгиледи.

Бул жылы Индия өкмөтү космос программасынын бюджетин көбөйтүп, Венера жана Марска аппараттарын жиберүү планын көздөп жатканын жарыялады.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG