Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Айыл өкмөттү шайлоону сунуштаган мыйзам биринчи окууда өттү


Айыл.
Айыл.

Жогорку Кеңеште “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алды. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, айыл өкмөт башчылары эл тарабынан түз шайланат. Анын демилгечиси “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоевдин айтуусунда, өзгөрүү жергиликтүү бийлик башчыларын жемкорлуктан арылтып, кылмыштуу топтордун бийликке келишине тоскоол болот.

Ошондой эле мыйзамда айыл өкмөттөрдүн мөөнөтүн төрт жылдан беш жылга узартуу жана талапкерлердин милдеттерин күчөтүү каралган.

Учурдагы мыйзамга ылайык, айыл өкмөт башчыларын айылдык кеңеш депутаттары шайлашат. Акыркы шайлоодо бир нече аймакта шайлоолор жаңжалдар менен коштолду.(BkA)

XS
SM
MD
LG