Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:09

Түркмөнстанда 800дөн ашык адамга мунапыс жарыяланды


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 828 адамга мунапыс жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мунапыс 19-февралга белгиленген Мамлекеттик туу күнүнө карата жарыяланды. Мунапыс саясий кылмыштар менен кармалгандарга таркабайт.

Мурдагы мунапыс декабрь айында жарыяланган. Анда абактан 560тай адам эркиндикке чыккан. Өлкөнүн мурунку президенти Сапармурат Ниязов мусулмандар үчүн ыйык ай болуп эсептелген орозодо мунапыс жарыялачу. Жабык өлкө саналган Түркмөнстандагы абактарда кармалган адамдар жөнүндө маалымат алуу кыйын.

XS
SM
MD
LG