Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Азербайжандын президенти АКШнын аскерий жетекчилери менен жолукту


Азербайжандын президенти Илхам Алиев.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев.

Азербайжандын баш калаасы Бакуда президент Илхам Алиев АКШ Башкы штабынын Бирдиктүү жетекчилер комитетинин башчысы Жозеф Данфорд менен жолукту. Бул тууралуу Алиевдин администрациясынан кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, жолугушууда эки тараптуу саясий жана экономикалык кызматташуу суроолору, Бакунун Ооганстандагы тынчтыкты сактоого багытталган эл аралык аракеттерге кошкон салымы тууралуу жана энергетикалык коопсуздук менен коргонуу боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө сүйлөштү.

Данфорд Бакуда Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов менен жолугары күтүлүүдө.

Анда учурдагы америка-орус аскерий алакасынын маселелери талкууланат.

Ушул эле күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон алгач ирет Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Германиянын Бонн шаарында жолугушары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG