Кыргызстандагы төрт айыл өкмөттүн башчыларын шайлоо үчүнчү ирет өткөрүлмөй болду.
Борбордук шайлоо комиссиясынан 16-февралда “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, Жалал-Абад облусундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн, Ош облусундагы Бүлөлү жана Шарк айыл өкмөттөрүнүн, Ысык-Көл облусундагы Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоонун үчүнчү айлампасын өткөрүүгө уруксат берилди. Бирок кандай негизде чечим кабыл алынганы азырынча беймаалым.
Мыйзам боюнча депутаттар айыл өкмөт башчыны эки ирет шайлай албаса, БШК президентке кайрылып, айылдык кеңешти таратууну жана жаңы шайлоо дайындоону сурашы керек.
Аталган айыл өкмөттөрдүн башчыларынын шайланбай жатышына депутаттардын толук келбей, кворум жок экени себеп болууда. (SE)