Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:42

Орус элчилигинин автоунаасына кагышкан бишкектик айдоочу каза болду


"Zanoza.kg" сайтынан алынган сүрөт.

Бишкекте орус дипломаттарынын автоунаасы менен кагышкан “Мерседес-Спринтер” унаасынын айдоочусу каза болду. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 62 жаштагы айдоочу өтө оор абалда ооруканага түшүп өзүнө келбей каза болгон. Ал кырсык учурунда башынан катуу жарат алган.

Ал эми Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан кырсыкка кабылган орус элчилигинин айдоочусунун абалы жакшы экенин айтышты.

Жол кырсыгы 16-февралда Фучик көчөсүндө болгон. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү унаасы “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу унаасын келип сүзгөн. Айрым маалымат каражаттары орус элчилигинин унаасындагы адамдар мас абалында болгонун жазып чыкты.

Орусиянын элчилигинен жол кырсыгы тууралуу маалыматты тастыкташты.(BkA)

Интернеттен алынган тасма.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG