Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Багдаддагы ири жардыруу жоопкерчилигин “ИМ” тобу алды


Жардыруучу зат автоунаанын ичине коюлган.
Жардыруучу зат автоунаанын ичине коюлган.

Ирактын баш калаасы Багдадда 16-февралдын кечинде болгон ири жардыруудан элүүдөн ашык адам набыт болду. Жардарлардын саны 55ке жетти.

Жардыруучу зат адамдар көп топтолгон көчөлөрдүн биринде токтоп турган автоунаага коюлган. Бул Иракта жыл башынан бери уюштурулган эң ири чабуул.

Кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өз мойнуна алды.

Жардыруу Мосул шаары үчүн радикал уюмдун согушкерлери менен өкмөттүк армиянын ортосунда айыгышкан кармашуу жүрүп жаткан маалга туш келди. Өткөн аптада шаардын чыгыш тарабы АКШ башында турган коалициянын жардамы менен контрчабуулду баштаган Ирак күчтөрүнүн карамагына өттү.

Шаршембиде Багдаддагы автобазарда болгон жардыруудан 15 киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG