Бүгүн Германиянын Мүнхен шаарында өтүп жаткан коопсуздук боюнча жыйынга отуздан ашык өлкөнүн лидерлери, сексенден ашуун мамлекеттердин министрлери, дипломаттар жана жогорку даражадагы аскер аткаминерлери чогулду.
Жыйынга биринчи жолу АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү катышууда. Эки күндүк жыйынга Кошмо Штаттардын делегациясын вице-президент Майк Пенс, Коргоо министри Жеймс Мэттис баштап келди.
Майк Пенс жыйын алкагында Украинанын президенти Петро Порошенко жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугары күтүлүүдө.
Быйылкы жыйын президент Трамптын НАТОго жана Орусияга болгон көз караштары боюнча тынчсыздануулар күчөп жаткан маалга туш келди.
Буга чейин Кошмо Штаттардын коргоо министри Жеймс Мэттис Брюсселдеги НАТОнун жыйынында альянс АКШ үчүн чоң мааниге ээ экенин билдирген.