Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 10:55

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жараны набыт болгон жол кырсыгы боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Алексей Мзареуловду чакырды.

Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда элчилик өкүлдөрүн Кыргызстандын укук коргоо органдарына кызматташуу боюнча нота тапшырды.

Жол кырсыгы 16-февралда Бишкектеги Фучик көчөсүндө болгон. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү унаасы “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу унаасын келип сүзгөн. Кырсыктан “Мерседестин” 62 жаштагы айдоочусу өтө оор абалда ооруканага түшүп, өзүнө келбей каза болгон.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG