Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Ашхабадда Бердымухаммедовдун инаугурациясы өттү


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов 17-февралда ант берип, үчүнчү ирет президенттик кызматка расмий киришти.
Баш калаа Ашхабадда өткөн салтанатта Борбор Азиядагы эң жабык өлкөнүн авторитардык лидери өлкө Конституциясына колун коюп, ант берди.

12-февралда өткөн шайлоодо 59 жаштагы Гурбангулы Бердымухаммедов шайлоочулардын 97,69% добушуна ээ болуп, жети жылга кайра шайланган. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык калктын 97% добуш берген.

Бул ирет президенттик шайлоого Бердымухаммедовдон башка сегиз талапкер катышты. Эл аралык уюмдар Түркмөнстандагы 1991-жылдан берки бир дагы шайлоону тааныган эмес. “Хюман Райтс Уотч” уюму сөз эркиндиги жок өлкөдө жарандардын мамлекет башчысын эркин тандоосу мүмкүн эмес деп билдирген.

XS
SM
MD
LG