Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:38

Казакстанда көчкүнүн алдында калган жети аскердин сөөгү табылды


Жамбыл облусунун картасы.

Казакстандын Жамбыл облусунда жети аскерий кызматкерди кар көчкү басып калды. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Руслан Иманкуловдун айтымында, болжол менен жыйырмадай адамды кар көчкү басып калган. Он адам куткарылып, жетөөнүн сөөгү табылган.

91678 аскер бөлүгүнүн жоокерлери Жамбыл облусунун Көксай капчыгайында аскерий даярдык боюнча пландалган машыгуулар өтүп жаткан маалда кар көчкү жүргөн. Учурда издеп-куткаруу иштери жүрүп жатат.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG