Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышуудан өкмөттүк армиянын үч аскери мүрт кетти, онго чукулу жарадар болду.
17-февралда Коргоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Донецк жана Луганск облустарындагы Авдеевка жана Маринка шаарларында орусиячыл жикчилдер тарабынан украин аскерлерине каршы 60тан ашуун минометтук чабуул катталган.
Соңку апталарда күчөгөн аскерий кагылышууларда ондогон адамдар өлтүрүлдү. Кандуу окуялардын өрчүшүн батыш өлкөлөрү жана эл аралык уюмдар кескин айыпташты.
Украина, Германия, Франция жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Донбасстагы кризисти талкулоо үчүн 18-февралда Мүнхенде өтүп жаткан коопсуздук боюнча жыйындын алкагында жолугушат.
Украинанын чыгышында жаңжал башталганы 2014-жылдын март айынан тарта мерт болгондордун саны 9750гө жетти.