Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Кытайдан эт-сүт азыктарын киргизүү убактылуу токтоду


Бул чара жаңы жылдан тарта киргизилгенин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү Манас Майканов “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, тыюу ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан биримдик аймагына киргизилүүчү товарлардын саны такталмайынча салынат. Анын айтуусунда, тыюу салынган товарлардын ичинде эт-сүт азыктары, жумуртка жана жаныбарлар бар. Маалыматка ылайык, ЕАЭБ эксперттери Кытайга барып, товарларды инспекция кылууга тийиш, учурда Кытай тараптын чакыруусу күтүлүүдө.

Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан маалымдашты.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы 12-августта толук кандуу мүчө болуп кирген. Өлкөдө тиешелүү ветеринардык лабораториялар жоктугуна байланыштуу, Орусия менен Казакстан Кыргызстандан эт-сүт азыктарын импорттоого чектөө киргизген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG