Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:48

ТИМ: Пакистандагы жардыруудан кыргызстандыктар жабыркаган жок


February Attacks in Pakistan

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги ал жакта жашаган мекендештерди жеке коопсуздугуна сак болуусун суранган. Тышкы иштер министрлиги элчилик өлкөдөгү кырдаалга көз салып турганын кабарлады.

Пакистандын түштүгүндөгү Сехван-Шариф шаарындагы суфилердин ыйык жайында жасалган жанкечтинин чабуулунан набыт болгондордун саны 80ге жетти. Жарадарлардын саны 150дөн ашты. Мерт кеткендердин отузу балдар.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өз моюнуна алды.

Провинцияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG