Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Башкы прокуратура Бакиевдин жерин Мүлк фондуна өткөрүп берди


Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү Максим Бакиевге таандык жер Мамлекеттик мүлк фондуна сактоого берилди. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органы кабарлады.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан аталган жердин сатылып кеткени боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Бул ишке тиешеси бар адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.

Башкы прокуратура бул боюнча башка кызыкдар тараптарды так эмес маалыматтарды таратпай турууга чакырып, бул тергөө ишине басым катары бааланарын талап кылууда.

Башкы прокуратура Максим Бакиевдин Бишкектеги Скрябин көчөсүндөгү 1 гектардан ашык жери мыйзамсыз сатылып кетиши боюнча кылмыш ишин 10-февралда козгогон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG