Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Аба ырайы: күн бузулат


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 19-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, айрым жерлерге калың түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүзү -1…-6, Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүзү -2…-7 градус суук болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүзү 0…-5 градус жылыйт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүзү -4…+1 градус жылыйт.

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүзү -2…-7 градус суук болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүзү -7…-12 градуска чейин төмөндөйт.

19-февралда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы -4…-6°, күндүзгү температурасы -3…-5° суук болот.

XS
SM
MD
LG