Трамптын Путин менен тил табышарын айтып келгенине карабастан АКШ Украинага кийлигишкени үчүн “Орусияны жоопко тартат”. Бул тууралуу Мюнхендеги коопсуздук жыйынында АКШнын вице-президенти Майк Пенс билдирди.
Пенс Орусия ок атышуу режимин сакташы жана 2015-жылкы Минск келишимин колдоосу керектигин, Украина чыгышында жаңжал басылышы зарылдыгын айтып өттү.
Коопсуздук боюнча 53-Мюнхен конференциясы жума күнү башталган. Жекшембиде жыйынтыкталат. Анда эл аралык терроризм, Европадагы коопсуздук, Сирия согушу жана Украина чыгышындагы жаңжал талкууланууда.