Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 09:09

Кыргызстандын президенти бүгүн Германиянын канцлери менен жолугушуп, кыргыз-немис кызматташтыгынын 25 жылдыгына карата орден менен сыйлады.

Сыйлык менен кошо президент Алмазбек Атамбаев канцлер Ангела Меркелге анын өткөн жылкы сапарынын жыйынтыгы тууралуу сүрөт альбомун тапшырды. Ангела Меркел буга терең ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанга сапарын дайыма жылуу маанай менен эскерерин билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Германиянын мамилесиндеги маанилүү маселелерди талкуулап, соода-экономикалык тармакта, инвестиция жаатында кызматташууну жана саясий диалогду бекемдөөнү сүйлөштү.

Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG