Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Алайда жана Кара-Кулжада кар көчкү жүрдү


17-февралда саат 13:00дө Алайдагы Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолунун беш жеринде кар көчтү. Жалпы көлөмү 12300 кубметр деп айтылууда. Кар көчкү жүк ташыган «Мерседес-Бенц Гигант» үлгүсүндөгү унаанын бир бөлүгүн басып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча көчкүдөн жапа чеккендер жок.

ӨКМ жана Транспорт министрлигинин күчү менен жол бир каттамга ачылган.

Ошол эле күнү Кара-Кулжа районундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда саат 15:30-16:05 аралыгында төрт жерде кар көчкөн. Жалпы көлөмү дээрлик 25 миң кубметр. Көчкү аралыгында автоунаалар кишилери менен калган, жабыркагандар жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Транспорт министрлиги тиешелүү техникалардын жардамы менен 18-февралда саат 01:00 ченде жолду бир тарапка ачууга жетишти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG