Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:27

Украинада Майдан курмандыктары эскерилди


18-февралдагы эскерүү акциясы
18-февралдагы эскерүү акциясы

18-февралда Киевде Майдан протестинин курмандыктарына арналган акция өттү. Миңдеген украиналыктар Төбөлсүздүк аянтына келип, курман болгондорду эскеришти.

2013-жылдын 21-ноябрында миң чамалуу киевдиктер Украина өкмөтүнүн Евробиримдик менен ассоциация келишимине кол коюуну артка жылдыруусуна каршы чыгышкан.

Окуя курчуп отуруп, 2014-жылдын февралында митингчилерди кууп таратуу учурунда жүздөн ашуун адам өлгөн. Евромайдан деген атка ээ болгон өкмөткө каршы акциялар Украинада бийликтин ыңкылап менен алмашуусуна алып келген.

 

XS
SM
MD
LG