Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Чоң-Алайда кар көчкүдө калган экинчи баланын сөөгү табылды


Тогуз жаштагы баланын сөөгүн бүгүн саат 11:40та куткаруучулар таап чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Бүгүн таңга жуук Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында эки үйдү кар көчкү басып калган. Кар астында калган үйлөрдөн 11 киши куткарылып, эки өспүрүм калып кеткен. 10 жаштагы кыздын сөөгү бүгүн эртең менен табылган. Маалыматтарга ылайык, набыт болгон балдар бир туугандар.

Учурда аталган айылда куткаруучулар иштеп жатышат.

Кар көчкү үйлөрдөн тышкары сарайды да басып, анда 30дай жандык калып кеткен. (YI)

XS
SM
MD
LG