18-февралда Испаниянын Барселона шаарында өткөн мигранттарды коргоо боюнча акцияга 160 миңге чукул адам катышты. Акция бозгундардын көбү Европага багыт алып, жетпей чөгүп өлгөн Жер ортолук деңиздин жээгинде жыйынтыкталды.
“Биздин үй-силердин үй” деген уюм уюштурган демонстрацияга шаар мэри Ада Колау да катышты.
Евробиримдик 2015-жылы кабыл алган квота системасына ылайык, Испания соңку эки жылда 17 миңдей бозгунду кабыл алышы керек эле. Бирок бул өлкө былтыр 1000дей гана мигрантты кабыл алган.
Барселона-Испаниянын Каталония автономдук аймагынын борбору.