Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтийди тандоо боюнча мусулмандар курултайы 4-апрелде өтөт.
Талапкерлердин арызын кабыл алуу 2-февралда башталып, 24-февралда аяктайт. Муфтияттан кабарлашкандай, каттоону Аалымдар кеңешинин алдында түзүлгөн атайын комиссия жүргүзүүдө. Каалоочуларга 12 пункттан турган талап коюлган.
Азыркы муфтий Максат ажы Токтомушев 2014-жылы үч жылдык мөөнөткө шайланган. Ал Кыргызстандын эгемен тарыхындагы онунчу муфтий.
Апрелде Аалымдар кеңешинин курамы да жаңырат.