Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий кызматына талапкер болгондордун саны талапкерлерди каттоо аяктаганга чейин ачыкка чыгарылбайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аалымдар кеңешинин өкүлү Абибилла Кадырбердиев билдирди:
- Бул маалымат азырынча сыр бойдон калат. Ачыкка чыгарылбайт. 24-февралда кечки саат алтыда каттоого алуу токтойт. 27-февралда Аалымдар кеңешинин кезектеги жыйынында айтылат.
4-апрелге белгиленген Кыргызстан мусулмандарынын курултайында жаңы муфтий шайланат. Талапкерлерди каттоо 2-февралда башталган.
Азыркы муфтий Максатбек ажы Токтомушев 2014-жылы үч жылдык мөөнөткө шайланган. (SE)