Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

“Демократ”: Туруктуу саясий абалды сактайлы


Текебаевди колдоочулардын митинги.
Текебаевди колдоочулардын митинги.

“Демократ” саясий партиясы өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча коомчулукка кайрылуу жасады. Анда күч органдарынын кадамдары, окуяны чагылдырган журналисттердин кармалышы, коомчулукту кооптондурган орчундуу саясый окуя деп белгиленген. Ошондой эле кайрылуу ээлери саясый процесстердин мындай нукта уланышы туруксуздукка алып келиши мүмкүн экенин март, апрель окуялары көрсөткөнүн айтышат.

“Демократ” партиясы президентке, Жогорку Кеңешке өлкөдө сөз эркиндигинин чектелишине жол бербөөгө жана күч түзүмдөрүн саясый процесстен тышкары кармоого чакырган. Ал эми күч кызматтарынын жетекчилери болуп жаткан окуялар боюнча Жогорку Кеңеште түшүндүрмө берүүгө жана негизсиз кармалып, камалгандарды бошотууга тийиш деп эсептейт.

Өз кайрылуусунда “Демократ” саясий партиясы бардык саясый күчтөрдү, жалпы коомчулукту туруктуу саясый абалды сактап калууга чакырып, текшерилбеген маалыматтар менен элди козутпоого, курулай популизмден алыс болууга үндөгөн.

“Демократ” саясий партиясы 2016-жылы түзүлүп, жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан. Мүчөлөрү негизинен жаштар болгон партиянын бир нече теңтөрагасы бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG