Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:59

Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан митинг учурунда "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Мен кире алган жокмун. Дарыгерлер анализдерин алып чыгыптыр, аритмиясы жок экен, абалы турукташып калыптыр. Өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жок. Бир аз чарчаганы болбосо ал өзүн жакшы эле сезип атыптыр. Анализдерин Бонецкий лабораториясына тапшырдык, ошол жерде дарыгерлер менен жолукканымда айтты. Эгер менин жолдошума бир нерсе болсо бул үчүн УКМК кызматкерлери күнөөлүү болот. Доктурлар азыр анын абалы жакшы деп айтышты. Кармалгандан 1 сааттан кийин кирип чыккам. Андан кийин жолукканга болбойт деп коюшту. Адвокат аркылуу гана байланышасыңар дешти.

Буга чейин митингде УКМКда кармалган Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгы начарлап, жубайы дары киргизгени кабарланган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG