Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Түндүк Ооганстанда талип башчыларынын бири жок кылынды


Ооганстан.
Ооганстан.

Бул маалыматты Ооганстан расмийлери ырастады. Ооган ички иштер министринин басма сөз катчысы Седик Седикки Молдо Абдул Салам Ахунд “атайын операцияда жок кылынганын” 27-февралда билдирип, бирок деталдарына токтолгон жок. Талиптердин маалымат катчысы Забиуллах Мужахид Ахундун жок кылынганын ырастады.

Кундуз провинциясындагы талип күчтөрүнүн башчысы Ахундун өлгөнү боюнча буга чейин да бир нече ирет маалымат чыгып, бирок аягында ал бышыкталган эмес. АКШ аскеринин маалымат кызматынын өкүлү Америка Кошмо Штаттарынын аскер учагы 26-февралда Кундуз провинциясына сокку урганын маалымдап, бирок натыйжасы тууралуу кабарлаган эмес. Талиптер Кундуз провинциясын акыркы жылдары кыска мөөнөткө эки жолу басып алган. Молдо Ахундун өлүмү талиптердин жазгы чабуулуна сокку болуп калары айтылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG