Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:08

Базар-Коргон: нааразылык акцияга чыккан аял эсин жоготту


"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, азыркы тапта "Тез жардам" келе элек.

Базар-Коргон районунун Акман айылында Ош-Бишкек каттамын тосууну көздөп чыккан "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин ичинен бир аял эсин жоготту.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, азыркы тапта "Тез жардам" келе элек. Эсин жоготкон аялды ал жерде тургандар милициянын машинесине салуудан баш тартышкан.

Чогулган жүзгө чукул адам күч кызматкерлери менен тирешип турушат. Нааразы тараптын каттамды тосуу жана машинелерди өткөрбөө аракетине милиция кызматкерлери жол бербей, аларды четке алып чыгууда.

Базар-Коргондо Текебаевдин бошотулушун талап кылган митинг эки күндөн бери өтүүдө. Бүгүн райондук акимчиликтин алдына боз үйлөр да тигилген. Ал жерде 300дөй адам Текебаевдин камалышын мыйзамсыз деп атап, аны чыгарууну талап кылууда. (RsK/NT)

Текебаевдин тарапкерлери Бишкек-Ош жолун тосууга аракеттенүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG