Уюштуруучулар митингчилерди тартипти сактоого, чагымга алдырбоого чакырууда. Алар митингди улантып, УКМК алдында таңкы саат төрткө чейин турушмакчы.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда саат үчтө “Манас” аэропортунан кармалып, 48 саатка камалган. Анын тергөө убагындагы баш коргоо чарасы 27-февралда Биринчи Май райондук сотунда каралмак. Текебаев азырынча сотко алып келине элек. (SDz/ZKo)