Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Түптө жоголгон балыкчыларды издөө токтотулду

Түптө дээрлик бир айдан бери дайыны жок болуп жаткан эки адамды издөө иштери токтотулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 30-январда Кутургу менен Фрунзе айылдарынын аралыгында көлгө балык кармоо үчүн барган 27 жана 35 жаштагы эки эркек адам чөгүп кеткен.

Издөө иштерине он чакты куткаруучу, жергиликтүү тургундар тартылган.

27-февраль күнү жоголгон адамдардын ата-энесинин жана жакын туугандарынын макулдугу менен издөө иштери толук токтотулду. (RK)

XS
SM
MD
LG