Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:26

УКМК алдында Текебаевдин тарапкерлеринин митинги өтүүдө


Ушу тапта Бишкекте, УКМКнын алдында нааразылык акциясы өтүп жатат. Аны "Ата-Мекен" партиясы уюштурууда. Партия лидери Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы коюлган митинг мөөнөтсүз болорун, күнүгө саат 14:00дөн 18:00гө чейин өтөрүн ЖК депутаты, партияны убактылуу жетектөө милдети тапшырылган Алмамбет Шыкмаматов эл алдында сүйлөп жатып билдирди.

Башкы прокуратура орус жаранынын арызынын негизинде “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кылмыш иш козгоп, кечээ Биринчи Май райондук соту аны эки айга камады.Текебаевдин тарапкерлери муну бийликтин өз оппоненттерине карата саясий куугунтугу деп атап жатат. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG