Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Кыргызстандык ажыларды “Флай Нас” авиакомпаниясы тейлейт


Мекке.
Мекке.

Кыргызстандан быйыл ажыга барчуларды Сауд Арабиянын “Флай Нас” авиакомпаниясы тейлейт. Муфтийдин орунбасары Акимжан Эргешов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, зыяратчыларды тейлөө боюнча Кыргызстан менен Сауд Арабиядагы компаниялар катышкан тендерде ушул ишкана утуп алды.

Ал эми ажыга аттангандарды алдын ала эмдөө үчүн медициналык уюмдар ортосунда сынак жүрүүдө. Ага сертификаты бар жана тийиштүү дары-дармекти алып келип, элге жеткирип бере алган мекемелер катыша алат.

Ажылыкка каттоо өлкөнүн 32 жеринде ачылган атайын пункттарда уюштурулган. Каалоочулар 6-мартка чейин облустук, шаардык казыяттарга жана алардын райондук бөлүмдөрүнө кайрылышы керек. Документтерди кабыл алуу 6-февралда башталган.

Сауд Арабия өкмөтү ажылык үчүн быйыл Кыргызстанга 4585 квота берген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 900гө көп.

Алгачкы топ Сауд Арабияга болжол менен 5-6-августтарда жөнөйт. Ажылык амалдары Курман айт майрамында жасалат.(SE)

XS
SM
MD
LG