Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:01

АКШ президентинин сенаторлор менен конгрессмендердин жалпы жыйынындагы кайрылуусу Бишкек убактысы боюнча саат сегизде башталды. Президент Трамп эл өкүлдөрүнүн алдында шайлоо алдында берген убадалардын аткарылышы боюнча сүйлөйт деп айтылган.

Президенттик администрациядан алынган маалыматтарга караганда, Трамп сөзүндө өзүнүн оппоненттерине карата катуу деле сын айтпайт.

Инаугурациядан берки мезгилде президент Трамп өлкөдөгү ири ишкерлер жана чоң корпорациялардын жетекчилери менен жолугушкан. Ушундан улам, президент АКШнын ири компаниялары америкалыктарды иш менен камсыз кылуу милдетин алганын жарыялашы ыктымалдыгы айтылууда.

Ford, Boeing жана General Motors буга чейин эле эң ириде “америкалыктарды” жумушка аларын жарыялашкан.

Конгрессте сүйлөгөн соң, президент Трамп өлкөнү кыдырат деген маалыматты айрым басылмалар жазып чыгышты. Бирок азырынча, бул сапардын жадыбалы ачыкка чыга элек.

XS
SM
MD
LG