Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

“Ата Мекен” фракциясы Текебаевдин камалуусу тууралуу маселени көтөрөт


Мындай маалыматты фракциянын мүчөсү Каныбек Иманалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, фракция мүчөлөрү 1-март күнү парламенттин жалпы отурумунда Өмүрбек Текебаевдин камалышына байланыштуу маселе көтөрүп, Текебаев менен чогуу иштешкен депутаттардан кырдаал боюнча өз сөздөрүн айтуусун өтүнүшөт.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда таңга жуук, "Манас" аэропортунан кармалып, 27-февралда сот чечими менен эки айга камакка алынды. Анын фракциялаштары эки күндөн бери парламенттин кезексиз отурумун чакырууну талап кылып, бирок андан майнап чыкпай келет.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кезексиз жыйын чакыруу спикердин колундагы иш эмес экенин, бул үчүн фракция лидерлеринин макулдугу зарылдыгын билдирген.

Парламентте алты фракция бар. Алардын үчөө расмий оппозицияда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG