Линктер

шаршемби, 25-апрель, 2018 Бишкек убактысы 16:50

Базаркоргондук депутаттар Текебаев боюнча президентке кайрылышты


Базар-Коргондогу Текебаевдин тарапкерлери.

Базар-Коргон районунун Акман айылдык кенешинин 21 депутаты Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен президенттин жана спикердин атына кайрылуу жолдошту.

Бул тууралуу Акман айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Калыков маалымдады:

-Биздин айылдык кеңеш ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин камалышына байланыштуу кезексиз жыйын чакырып, анда президентке жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдодук. Анда Текебаевдин кармалуусу анын жердештери арасында нааразылык жаратып жаткандыгы айтылып, эл арасындагы туруктуулукту сактоо максатында, ал тергөөдөн качпай тургандыгын эске алуу менен бошотуу өтүнүчүбүз жазылган.

Кайрылууга айылдык кенештин бардык депутаттары кол койгон.

Базар-Коргондо Текебаевдин тарапташтары ал камалган күндөн бери нааразылык акциясын уюштурушууда. 28-февралда Ош Бишкек жолунун боюна чогулуп, трассанын Акман участкасындагы четине боз үй тигип алышты.(RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG